Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын бөлүм башчысы болду
Ташпаева 45 жашта. 2003-2009-жылдары өкмөттүк жана президенттик аппараттарда бөлүм башчылык, эксперттик кызматтарда иштеген. 2009-жылы эмгек жана социалдык коргоо министри болгон. Кийин эл аралык уюмдарда иштеп жүрдү.
Жарандык өнүктүрүү, диний жана улуутук саясат бөлүмүн буга чейин башкарган Мира Карыбаева ээлеген кызматынан 1-ноябрда бошотулган. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынганы кабарланган. (RK)