Изилдөө: Милицияга түшкөндөргө меджардам толук көрсөтүлбөйт
Коалициянын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Жаза аткаруу кызматынын тергөө абактарында да медициналык тейлөө жалпы стандарттарга туура келбегендиктен камактагы адамдардын ден соолугунун начарлашына алып келүүдө.
“Биринчи жардам көрсөтүүчү дары-дармек жетишсиз. Эмдөө бөлмөлөрү да жабдылган эмес. Медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээли талапка жооп бербейт” деп айтылат изилдөөнүн жыйынтыгында.
Жогоруда аталган кемчиликтерди жоюу үчүн изилдөөнү өткөргөн уюмдар парламентке, өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Жаза аткаруу кызматына сунуштарын иштеп чыкты.
"Кыйноого каршы коалиция" өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына караганда,2016-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылган. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен. (RK)