Кыргыз парламентинин 80 жылдык жолу талкууланууда
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышууда.
Кыргызстан элинин демократиялык шайланма өкүлчүлүк органы катары Жогорку Кеңеш калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга тийиш.
1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.
Учурда парламент 120 мандаттан турат. (BkA)