Чиркөөнүн 700дөй кызматкери "балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн" деп шектелүүдө
Маалыматка караганда, католик чиркөөсү дин кызматкерлеринин жоругун жетиштүү иликтеп чыккан эмес.
Буга чейин чиркөө зордук-зомбулукка айыпталган 200дөй дин кызматкеринин ысымдарын жарыялаган. Бирок Иллинойс штатынын башкы прокурору Лиса Мадиган чиркөө жетекчилиги укук коргоо органдарына түшкөн арыздар тууралуу унчукпай койгонун билдирди.
Баяндамада кайсы жылдар камтылганы айтылган жок. Иликтөө быйыл августта Пенсильвания штатынын прокуратурасынын жарыясынан кийин жүргүзүлө баштаган. Аталган штатта 300гө чукул жергиликтүү чиркөөлөрдүн кызматкерлери ондогон жылдар бою "балдарга зордук көрсөткөн" деп күнөөлөнгөн.
Иллинойстогу католик чиркөөсүнүн өкүлдөрү балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүлгөн көп фактылар болгонун моюнга алды. Чикагонун архиепископу Блейз Супич чиркөө укук коргоо органдарына ар бир учур тууралуу маалымат берип келгенин билдирди.