Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобус кырсыкка учурады
Жол кырсыгы, "Азаттык" радиосунун кабарчысынын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9га жакын болду.
Окуя болгон жерде жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери териштирүү жүргүзүп жатышат.
Мекеменин расмий маалыматына караганда, быйыл 9 айдын ичинде өлкөдө 4 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Андан 458 адам каза болуп, 6 миңден ашыгы түрдүү жараат алган. (BTo)