Түркия журналисттин өлүмүн иликтөөгө канааттанбайт
Журналист Хашогжи 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Акыркы күндөрү буга Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммад бин Салман буйрук бергени тууралуу кабарлар тарап жатат.
Бул маселеден тышкары Чавушоглу АКШга Гүлен менен байланышы бар 84 кишинин тизмесин бергенин, алардын Түркияга өткөрүп берилишин күтүп жатканын билдирди. Анкара тизмедегилерди 2016-жылдагы төңкөрүш аракети үчүн айыптап келет.
АКШ Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары баш болгон 17 саудиялык жаранга санкция салган.
59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудия падышалыгын, өзгөчө ханзаада Мухаммед бин Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.