Кыргызстанда төрөттөн 45 аял каза тапты
Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Төрөт курагындагы аялдар арасында кооптуу бойдон алдыруунун алдын алуу" деп аталган жыйында башкы акушер-гинеколог Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, быйыл төрөттөн жана бойдон алдыруудан каза болгондор көп. Былтыр бир жыл аралыгында 48 аял жашоо менен кош айтышкан. Өлкөдө бойдон алдыруу чар-жайыт жүргүзүлүп жатат жана анын эсеби жок.
Аборт жасаткандардын басымдуу бөлүгүн же 27 пайызын 25-29 жаштагы кыз-келиндер түзө турганы айтылды. (BCh)