Билаш: Кытайда 50 миңден ашык кыргыз камалганы тууралуу маалымат бар
- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим, - деди Билаш. - Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда.
Серикжан Билаш Кытайда камалган казактар беш жүз миңдей экени айтылганы менен иш жүзүндө алардын саны жети жүз миңге жакын экенин кошумчалады.
Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.
Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кармалып жатканын айтып келишет. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан.
Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.