Караколдогу "хизбутчулардын" башчысына иш козголду
Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июль айында атайын кызмат милиция менен биргеликте Каракол шаарынын 44 жаштагы тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мурда соттолгон бул адамдан табылган буюмдар экспертизага жөнөтүлгөн.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынын корутундусунан кийин иш козголуп, тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.
“Хизб ут-Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири. (RK)