Өкмөт ЖЭБдеги жаңы цехти комиссия текшергенден кийин гана кабыл алат
ЖЭБдин директору Андрей Воропаев учурда турбиналык жана буу казандар цехин жылуулоо жана айнек салуу иштери аткарылып, көзөмөлдөөчү-ченөөчү жабдуулар ташылып, негизги жана көмөкчү жабдуулардын ремонту графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай өкмөтү 386 миллион доллар насыя берген. Бирок быйыл кышында ишканада авария болуп, шаар тургундарынын көпчүлүгү дээрлик бир апта жылуулуксуз калган. Кийин ал насыянын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат. (RK)