Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү күнөөнү мойнуна алды
Соттук отурумда маркум Саляновдун баласы айыпталуучуну жакындан көрүүгө баратканда Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү анын жолун тосуп калышкан. Ошондон кийин жабырлануучу тарап менен Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү тартыша кеткен. Салянова муну чагым катары баалады.
Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.
Ички иштер министрлиги Ошто ишкерди карактоого шектүүлөрдүн бири Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкканын билдирген. (КЕ)