Текебаевдин мындан аркы дарылануусу ушул аптада чечилет
Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркарын жарыялаган.
Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.
Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. (BkA)