Вашингтондо расалык тең укуктуулуктун жактоочулары жана каршылаштары акцияга чыгышты
Бир жыл мурда Виржиния штатындагы Шарлоттсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар менен фашизмге каршы активисттер кагылыша кеткен. Андан бир аял каза болуп, 20дай киши жабыркаган. Жекшембидеги акция ушул окуянын бир жылдыгына байланыштуу уюштурулган.