Ооганстандын чыгышында талибдер жүздөй кишини кырып кетишти
Газни - баш калаа Кабулду Ооганстандын түштүгү менен байланыштырып турган стратегиялык шаар. "Reuters" агенттиги шаарга кол салуу өкмөттүк аскерлер үчүн олуттуу сокку экенин жазды. Ошону менен катар АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн өкүлү Мартин О’Доннелл ооган улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрү өз ордун бекем сактап турганын билдирди.
Мурдараак Ооганстандын батышында 50 талиб өкмөттүк армияга багынып берген. “Талибандын” бул бөлүгүндө 300 согушкер болгон.
11-августта талибдердин делегациясы Ташкентте дипломаттар менен жолугуп, Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөнү маалым болгон.