"Үмүт" кубогу: Кыргызстандык футболчу кыздар тажик командасын жеңди
Кыргызстандын футбол боюнча 16 жашка чейинки кыздар курама командасы Бишкекте өтүп жаткан эл аралык "Үмүт" ("Надежда") кубогунун алгачкы оюнунда тажикстандык атаандаштарын жеңип алды.
Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, 17-июлда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюн 1:0 эсебинде аяктады.
Кыргызстандын командасына жеңиш алып келген жалгыз голду Сатиней Акылбекова киргизди.
17-июлда башталган "Үмүт" ("Надежда") кубогунун оюндары 21-июлга чейин уланат. Мелдешке Казакстандан 17 жашка чейинки курама команда жана Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандан 16 жашка чейинки кыздар курама командасы катышып жатат.
Бул мелдеш Кыргызстандын футбол федерациясы менен Кыз-келиндер футболунун ассоциациясы тарабынан 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Алгачкы мелдешке Ооганстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Казакстандын командалары катышкан. Быйылкы турнир - өспүрүм командалар арасында боло турган 2019-жылдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарына даярдыктын бир этабы. (ECh)