Өзбекстан Рахимовду издөөдөгүлөрдүн тизмесинен чыгарды
Тийиштүү токтом 10-июлда кабыл алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматына күч түзүмдөрүндөгү булактар ырасташты.
66 жаштагы ишкер 2010-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен.
Ошондон соң ага “кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырган”, “жалган документ жасаган" деген кинелер боюнча кылмыш иши козголуп, Интерполго издөөгө берилген. Мирзиёев бийликке келгенден аз өтпөй Интерпол Рахимовду издөөнү токтоткон. Бирок ишкерди АКШ алты жылдан бери уюшкан кылмыш тобунун өкүлү катары тааныйт жана кара тизмесинен чыгара элек.