Кафеде жаңжал салган МАИ кызматкери иштен алынды
18-июнда Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери тартылганы айтылган видео тараган. Анда МАИ кызматкери кафеде тамак ичкен идишине өзү таштанды салгандай көрүнөт жана аны официантка көрсөтүп урушкан.
Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы окуя Ысык-Көлгө бараткан жолдогу "Футзон" кафесинде болгонун бышыктап, кызматтык териштирүү башталганын, тартип сакчысы жеген тамагына акча төлөгөнүн ырастаган чек бар экенин билдирген болчу.
Бул окуялар кыргыз милициясынын кесиптик маданиятына карата сынды күчөтүп, социалдык тармакта күч кызматкерлерин айыптагандар көбөйгөн. (КЕ)