АКШ мыйзамсыз мигранттарды балдарынан ажыратпай турган болду
Буга чейин АКШнын бийлиги мыйзамсыз мигранттарга карата “Нөл сабырдуулук” аттуу саясат колдонуларын жарыялаган. Натыйжада чек арада мигранттардын балдары ата-энелеринен тартып алынып жаткан.
Балдар убактылуу камсыз кылуу борборлоруна жана багып алуучу үй-бүлөлөргө тапшырыла баштаган. Бийликтер бул кадамын балдарды түрмөгө киргизүү мүмкүн эместиги менен түшүндүргөн.
Массалык маалымат каражаттарынын кабарлашынча, АКШнын Мексика менен чек арасында акыркы алты жумада эле эки миңдей жашы жете элек бала ата-энесинен ажыратылган. (ErN)