Чаткалдагы сел ички жолдорду жууп кетти
Айылдагы бир турак үйдүн сарайын сел каптаган. Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, бир көпүрөнүн капталын сел суулары агызып, жол каттамы жабылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат. Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол тазаланып, бир тарапка ачылды. (КЕ)