Карамушкина: УКМКнын убактылуу кармоочу жайы мейманкана болбошу керек
Эл өкүлү фракциянын айрым мүчөлөрү учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана Осмонбек Артыкбаевден кабар алып келишкенин билдирди.
- Алар күнөөсү аныкталса, мыйзам бузуулар боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок кимдир бирөөнүн артыкчылыгын көрсөтүп күнөөнү көбөйтө берүү – бул айланып келчү бумеранг. Мамлекеттин каражатына кол салып, бажыдан, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эсебинен акча жеген айрым аткаминерлер ээн-эркин жүрөт. Аларды элдин баары билет. Аларга качан кезек келет?
Карамушкинанын айтымында, абактагы жетекчилер коррупция менен күрөш акыйкат жүргүзүлүшүн өтүнүшкөн.
Аты аталган аткаминерлер Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштердин негизинде кармалышкан. Алардын бардыгы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда. (КЕ)