Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө өкмөт ишкерлерден жардам сурады
Бул кайрылууну Экономика министрлиги ишкерлерге жибергенин тастыктады. Бирок министрлик каалоочулар менен гана Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кызматташууга чакырып жатышканын билдирди.
Быйыл Ысык-Көлдө Үчүнчү көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа тартуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (TSh)