Өзбекстандын коопсуздук кызматынын башчысы Рогунга барат
Ал 12-июнда иш сапар менен коңшу өлкөгө барганын "Азаттыктын" өзбек кызматы расмий кабарларга таянып маалымдады.
Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Рогун ГЭСинин курулушу Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилесинин муздашына алып келген негизги себептердин бири болгон.
Каримовдун администрациясы ГЭС курулушу Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы келерин айткан. Ташкент Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна да ушундай пикир билдирип келген. Мирзиёев президент болгондон кийин ГЭСтерди чогуу куруу ниетин айткан.