Волгадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
12-июнга оогон түнү Волга дарыясында жүк ташыган жана сейил кемелери кагыша кетип, 11 адам жашоо менен кош айтышкан. Беш киши куткарылганын Интерфакс кабарлады. Сейил кемеде бараткандар туулган күндү белгилөө максатында чогулган.
ТАСС жана Интерфакс агенттиктери жеке булактарына таянып, сейил кемени Волгоград шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Дмитрий Хахалев башкарып баратканын, кеме ага таандык экенин жазышты. Ал кырсык учурунда каза тапкан.