Чыккынчылык үчүн соттолгон тажик дин кызматчысы комадан чыкты
Өткөн айда ал улут, раса жана дин аралык кастыкты козутууга, мекенге чыккынчылык кылууга жана конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктарын жасоого айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.
Туугандарынын айтымында, Саид Киёмиддин атайын кызматтын тергөө абагынан түрмөгө которулгандан кийин кан басымы көтөрүлүп, комага түшкөн. Мындан тышкары ал кант диабети менен да ооруп жүргөнү кабарланган.
Расмий бийлик бул боюнча комментарий берген жок. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын төрага орун басары Илхом Махмудов «бардык соттолуучулардын, анын ичинде Киёмиддин Гозинин дагы саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана тынчсызданууга негиз жоктугун» айтты.
Саид Киёмиддиндин жубайы Ражабгүл Мусалмонова күйөөсү саясаттан эчак эле кеткенин жана Тажикстанда тыюу салынган Ислам партиясынын мүчөсү эмес экенин билдирүүдө.
Киёмиддин Гозиев же Эшон Саид Киёмиддини Гози 90-жылдары белгилүү дин кызматчысы болгон. Ал 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган «Шахидон» аянтында сүйлөп, ошол эле күнү «элдик генерал» деген расмий эмес наамга ээ болгон. Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин Саид Киёмиддин Гози Ооганстанга өтүп, анда Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, Улуттук жарашуу комиссияларынын бирине мүчө болгон.