"Кыйноолорго каршы коалиция" Тунгышбаевдин жагдайына тынчсызданууда
Аталган коалицияга Кыргызстандын түрдүү аймактарында иштеген жыйырмага жакын уюм мүчө.
Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.
Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.
Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаева активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтом чыгарып, бул укук коргоочулардын нааразылыгына себеп болууда. Адвокат токтомго каршы арыз менен сотко кайрылган.
Тунгышбаев Кыргызстандан качкын макамын сураган. Арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган.
Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. (SE)