Швециялык диджей жана продюсер Авичи көз жумду
Forbes журналы аны дүйнөдөгү эң көп акы төлөнгөн диджейлердин катарына кошкон. Диджейдин бир жылдык кирешеси 20 миллион доллар деп бааланган.
Стокгольмдо төрөлгөн Тим Берглинг алгачкы альбомун 2013-жылы чыгарган. 2014-жылы ал оор дартка кабылганы айтылган. 2015-жылы экинчи альбомун тартуулап, 2016-жылы чоң сахнадан кеткенин, турларга чыкпай турганын жарыялаган. Былтыр алты композициядан турган мини-альбому чыккан. (SE)
Авичинин чыгармаларынын бири.