Ереванда нааразылыкка чыккан 200дөй адам кармалды
"Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен бир апта мурда башталган миңдеген кишилердин катышуусундагы демонстрациялар 20-апрелде да уланып, акцияга чыккандар Еревандын бир канча жолдорун бууп, автоунаа кыймылын токтотуп коюшту. Аларды оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштап жүрөт.
Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен. Бир аптадан соң депутаттардын көпчүлүк добушу менен мурдагы президент Серж Саргсян өкмөт башчы болуп келген.
2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики азайган эле. (SE)