Маккейн: Трамп Путинди куттуктоо менен орусиялыктарды басынтты
Ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына “Диктаторлорду жасалма шайлоодогу жеңишин куттуктоо менен Америка президенти эркин жана акыйкат шайлоодо добуш берүү укугунан ажыраган ар бир орусиялык жаранды басынтты”, – деп жазган.
Ак үйдүн 20-мартта билдиришинче, АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен шайлоодон эки күн өткөндөн кийин телефондон сүйлөштү. Кремл Трамп Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын маалымдады.
18-мартта өткөн шайлоодо Владимир Путин добуштардын 76,7% алып, жеңип чыккан.