Нооруз-2018: Улуттук оюндар боюнча мелдештер бүгүн жыйынтыкталат
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, республикалык мелдештер Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында 15-марттан бери өттү.
Жалал-Абад шаарындагы ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча, Бишкек шаарындагы Ак-Кула ат майданында көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.
Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы башкы мелдеш саналган көк бөрү боюнча мелдештин финалында Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары беттешет.
Финалдык оюн саат 14:00дө башталат. Ага чейин 3-орун үчүн Чүйдүн “Арашан” жана Сокулуктун “Биримдик-Аю” командалары таймашат.
Нооруз майрамына арналган улуттук оюндар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.
Дирекциянын бюджетинен 2 миллион 890 миң сом каралган, анын ичинен 1 миллион 250 миң сом байге фондун түзөт. Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан дагы акчалай байгелер берилет. (ECh)