Жерге-Талдагы кыргыздар үчүн китеп чогултулуп жатат
Былтыр жазда жер титирөөдө жабыркаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири журналист Жолдош Турдубаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, чогултулган китептерди май айында дарегине жеткирип берүү пландалды.
- Китептерди дагы иргеп, каражатка жараша эки-үч машина менен жеткирип бергени жатабыз. Биринчи кезекте жалпы мазмундагы математика, физика сыяктуу окуу китептер болушу керек. Ал эми улуттук мазмундагы тарых, география китептерин Тажикстан өткөрбөй коюшу мүмкүн. Илимий-популярдуу басылмалар, сөздүк, энциклопедия, ар кандай тесттерге даярдана турган китептерге маани берилип жатат. Китептен сырткары окутууга керектүү каражат, компьютер, принтер, проектор сыяктуу каражаттар керек. Жерге-Талдагы ар бир мектепке бир-экиден комуз жана күүлөрдү үйрөнө турган китеп алсакпы деп пландадык эле.
Турдубаевдин белгилешинче, чогултулган китеп жана башка каражаттар Бишкектеги “Айтумар” окуу борборуна жеткирилип жатат.
Тажикстанда Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда негизинен кыргыздар жашайт. Мындан сырткары Баткенге чектеш Согди облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштак бар. 2017-жылы 3-майда, кийин дагы бир нече жолу кайталанган жер титирөөдө Лахш өрөөнүндөгү беш кыштакта үйлөр талкаланган. (КЕ)