Кыргыз азыктары Катарда өткөн жармаңкеде кызыгуу жаратты
Катардагы Кыргызстандын элчилигинин жардамы менен кыргызстандык үч компания көргөзмөгө бал, жаңгак, буурчак ж.б азыктарды алып барган.
Бул тууралуу элчи Нуран Ниязалиев “Азаттык” радиосуна кабарлады.
- Биздин азыктарга кызыккан кардарлар арбын. Мисалы, бир канча өлкөлөрдө ири гипермаркет, супермаркети бар белгилүү "LuLu" компаниясы жаңгакка кызыкты. Жергиликтүү арабдар балды сурап жатышат.
Көргөзмөгө 38 мамлекеттен 300дөн ашуун компания катышууда. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана барган. Дохадагы эл аралык көргөзмө 22-мартка чейин уланат. (КЕ)