Сурамжылоо: Талас менен Чүйдүн жарымы өлкө туура эмес багытта деп эсептейт
Жыйынга жергиликтүү социалдык адистер, укук тартибин коргоо органдары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Маалыматка караганда, Акыйкатчы мекемеси эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абалга баа берүү максатында атайын изилдөө жүргүзгөн.
"Фридом Хаус", ЮСАИД уюмдарынын колдоосу менен Акыйкатчы мекемеси өткөргөн изилдөөнүн натыйжасында Кыргызстанда жумушсуздук, жемкорлук, маянынан аздыгы, тамак-аш менен кийим-кеченин кымбаттыгы актуалдуу экени белгилүү болду.
Өлкөнүн бардык аймактарында өткөн регионалдык форум республикалык деңгээлде жакынкы күндөрү Бишкекте жыйынтыкталат.
Талас облусунда 252 миң киши жашайт. (AlS)