Кыргыз бешбармагын Гиннеске киргизүү аракети көрүлүп жатат
Уюштуруучулардын билдиришинче, бешбармак 5-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында даярдалат. Ага беш жылкынын эти колдонулат.
Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 700 килограммдан ашык бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган.
Бешбармак - түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири. (NT)