Казакстанда сууктан мектептерде окуу убактылуу токтотулду
«Казгидромет» мекемеси буга чейин 22-январдан 26-январга чейин өлкөнүн бир нече облусунда сууктун күчү күндүз -30-35 градус, түнкүсүн - 40-45 градуска жетерин кабарлаган.
11-январда Казакстанда бир нече региондо катуу бороон болуп, жолдордо автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилген. Астанада бул күнү чукул кырдаал жарыяланган.