Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек
13-январда Дача-СУ айылында өткөн жылкы учак кырсыгынын курмандыктарына арналып, эстелик ачылды.
Былтыр 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача -СУ айылына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, 4 учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, учак аэропортко май куюу үчүн токтогону келе жатып кырсыктаганы маалымдалган. Кийинчерээк учактагы жүктүн бир бөлүгү кыргызстандык жаранга тиешелүү экендиги айтылып, бирок жүктүн ээси ким экени табышмак бойдон калган. Бул маселе боюнча президенттин өкүлү бүгүн кыскача маалымат берип, учактагы жүк боюнча да тергөөнүн жыйынтыгында айтыларын белгиледи.
Абулгазиевдин сөзү боюнча, учактагы жүк Стамбулга багытталган, "Манас" аба майданына учак май куюу жана учкучтарды алмаштыруу максатында гана конуп жатып кырсыкка кабылган. (BkA/ZKo)