Назарбаев жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун айтып чыкты
Мисалы, ал жаңы технологияларды өнүктүрүү, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коррупцияга каршы күрөш өңдүү маселелерди сөз кылды.
77 жаштагы Нурсултан Назарбаев салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды тандайт. Мисалы, былтыркыга чейин ал парламенттин алдына чыгып сүйлөп келген.
2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жарык көргөн.
Президенттин басма сөз кызматы жана расмий маалымат каражаттары анын текстин 31-январда жарыялашкан. Анын алдында Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарымдарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүүнү көздөгөнүн айтып, "саясий өткөөл доор башталышы ыктымал" деген түкшүмөлдөргө жем таштаган.
Бирок кийин Казакстандын Конституциясына үстүртөн киргизилген толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн.