Стамбулда 70тей кыргызстандык жүргүнчү аэропортто кармалууда
Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунда 70тей кыргызстандык жүргүнчү мекенине уча албай турат. Бул тууралуу "Азатыкка" жүргүнчүлөрдүн бири Ханзада Асаналиева билдирди.
- Биз 13-октябрда Бишкекке кетмекпиз. Дагы деле уча элекбиз. Отуздай киши мейманкаларга кетти. 40тай адам учурда "Сабиха Гөкчен" аеропортунда отурабыз. Түнү отургучтарда уктадык. Абдан суук болуп үшүдүк. Бизге эч кандай түшүндүрмө бериле элек.
Кыргызстанга кете албай жаткан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көбү Анталия шаарында туристтик сезондо иштеп кайткан эмгек мигранттары. Ошондой эле балалуу жана кош бойлуу аялдар бар экени айтылды. Алар "Pegasus Airlines" компаниясынын учагына билет алышкан. Компания азырынча жүргүнчүлөрдүн кармалуу себебин маалымдай элек.
Жүргүнчүлөр "Сабиха Гөкчен" аеропортунун транзит бөлүмүндө учак күтүүдө.
12-октябрда "Эйр Манас" компаниясына таандык учак бузулуп, Москвадан Кыргызстанга багыт алган жүздөн ашуун жүргүнчү "Домодедово" аэропортунда эки күн кармалган. Компания учак 14-октябрда учаарын билдирген. (ElB)