Мушкер Тургунбеков Евразия бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды
![Мушкер Тургунбеков Евразия бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды](https://gdb.rferl.org/55CE9E6A-2723-4E85-9332-A437942CB0A0_cx0_cy24_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстандык мушкер Эржан Тургунбеков бокс боюнча кесипкөй рингде Евразия кесипкөй бокс федерациясынын чемпиондук курун тагынды.
Кесипкөй мушкерлер арасындагы «КовалевvsЯрд» деген аталыштагы мелдеш 24-августта Орусиянын Челябинск шаарында өттү.
Мелдешти Орусиянын бокс боюнча кесипкөйлөр арасындагы бир канча уюму биригип өткөрдү.
Эржан Тургунбеков IBF уюмунун алкагында беттеш өткөрдү. Анын атаандашы украиналык тажрыйбалуу мушкер Георгий Лашко болду.
10 раундга созулган беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан Эржан Тургунбековду жеңүүчү деп табышты.
Тургунбеков кесипкөй рингдеги мелдештерге орусиялык «RCC boxing» уюмунун атынан катышып келет. Жалпысынан сегиз беттеш өткөрүп, жети жолу жеңишке жеткен.
Аталган уюмда Тургунбеков менен катар Акжол Сулайманбек уулу да мелдештерге катышып жүрөт. Ал WBA ASIA (Азиянын бокс ассоциациясы) чемпиондук курун тагынган.
Бул күнү Акжол Сулайманбек уулу WBA уюмунун алкагында беттеш өткөрүп, венесуэлалык Миллер Марканону экинчи раундда нокаут менен жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды. (GT)