Орусияда жасалма эмдөө ашкере болду
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча Брянскинин 33 жаштагы тургуну ооруканада программист болуп иштеген таанышына эмдөө тууралуу маалымдаманы базага киргизип, жасалма документ даярдап берүүнү сунуштаган.
Быйыл май айынан баштап аймактагы ондогон кишинин эмделгени боюнча маалыматтары акча бергенден кийин базага киргизилип, жасалма документтер берилип турган.
Мындай мыйзамсыз кызмат көрсөтүүнүн акысы 15-20 миң рубль болгон.
Ооруканада иштеген программист менен медайымга кызматтык жасалмалуулук жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.