Беларуста соңку акцияда 150дөн ашык адам кармалды
«Азаттыктын» беларус кызматы Минскиде бир нече жерде чакан топко бөлүнгөн жүздөгөн адамдар оппозициянын кызыл-ак туусун көтөрүп, жүрүш өткөргөнүн маалымдады. Бул жолу бийликке каршы 19-жекшемби катары менен акция уюштурулду.
Беларуста быйыл август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери жекшемби сайын акцияларды өткөрүп келет. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.
БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.