Казакстандын Алматы, Астана шаарларында көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу митинги Алматыда Балуан Шолак атындагы спорт сарайында, Астанада “Барыс-Арена” спорт-комплексинде өтүүдө. Учурда спортчу менен коштошууга келгендердин саны миңден ашты.
Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлиги 20-июль күнү билдирген. Ал Кызылордо облусунун 23 жаштагы Арман Кудайбергенов аттуу тургуну экени кабарланды. Читать дальше...