Бишкек-Лондон: Уурдалган акча, Максим Бакиев жана кызматташтык
![Бишкек-Лондон: Уурдалган акча, Максим Бакиев жана кызматташтык](https://gdb.rferl.org/3f0e2ab4-cd16-4d82-b411-1fe84cb25919_tv_w800_h450.jpg)
Бишкек менен Лондон Кыргызстандан уурдалган акчаны артка кайтаруу багытында кызматташышы мүмкүн. Эки тарап бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт «Азаттык» менен болгон маегинде ырастады.