Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат
Садыр Жапаров 3-4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.