«UCH Credit» МКК ЖЧКнын 2023-жылдагы финансылык отчету
«UCH Credit» микрокредиттик компаниясы 2010-жылы Түштүк Кореянын эң ири «UCH Partners» акционердик коому тарабынан негизделген. UCH Credit түзүү менен «UCH Partners» акционердик коому заманбап каржы институтун түзүүнү көздөдү, анын ишмердүүлүгү жакырчылыкты жоюу, иш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жана ишкердик активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү микрофинансылык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.