Порошенко Орусияга киргизилген санкцияларды жумшартууга каршы
- Батыштын Москвага каршы санкциялары азыр украин маселесине гана байланыштуу эмес экенин билүү маанилүү. Эмне үчүн? Анткени Орусия биздин гана көйгөй эмес экенин, ал бүткүл цивилизациялуу дүйнөгө коркунуч жаратып жатканын терең түшүнө турган учур келди. Биз Орусияга каршы санкциялык басымдын жумшарышына ырааттуу каршы чыгууну улантабыз, - деди Порошенко Жогорку Рададагы кайрылуусунда.
АКШ жана Европа Биримдиги Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн Орусияга 2014-жылы санкция киргизген.
Донбасстагы Орусия колдогон жикчилдер менен украин аскерлеринин ортосундагы уруштан ушул күнгө чейин 10 миң 300 адам көз жумду.