Добавить новость
Другие новости Москвы и Московской области на этот час
Добавь свою новость бесплатно - здесь
Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Мигранттардын абалы, депутаттардын талабы

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча тармактык комитети Орусиядагы мигранттарга жаралган тоскоолдуктар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Мигранттарга карата шарттардын катаалданышы ушул күндөрү спикер баштаган парламенттик делегациянын Москвага сапары учурунда дагы көтөрүлдү.


Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгону менен Орусиядагы мигранттарга жеңилдик берилбей жатканын айрым депутаттар айтып чыгышты. Кээ бири биримдиктен чыгуу маселесин көтөрө турган учур келгенин белгилешти.


Спикер Талант Мамытов баштаган делегация ушул күндөрү Москвада иш-сапар менен жүрөт. Сапардын алкагында Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.


Парламенттин басма сөз кызматы Талант Мамытов эмгек мигранттары милдеттүү медициналык кароодон өтүш керек деген мыйзам адаптация болгончо, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө экенин эске алуу менен кыргыз мигранттарына карата эрежелерди өзгөртүүнү сунуштаган.


Андан тышкары миграциялык борборду Кыргызстандын аймагында ачууну сунуш кылып, аны орусиялык кесиптеши кубаттаганы айтылды.




Кыргызстандык мигранттардын Орусиядагы абалы 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде дагы каралды. Депутаттар мигранттар кабылган көйгөйлөрдөн улам Кыргызстандын ЕАЭБде болушу өзүн-өзү канчалык актап жатат деп суроо салышты:




“Эгер ушундай көйгөйлөр жаралып жатса ЕАЭБдин эмне кереги бар? Биз биримдикке кирип жатканда эмнени күттүк эле? Товар, кызмат көрсөтүү, акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн кыймылындагы бардык тоскоолдуктар алыныш керек болчу. Азыр эмнени көрүп жатабыз? Улам-улам ар кандай тоскоолдуктар жаралып жатат. Тышкы иштер министрлиги кайра-кайра нота жөнөтүп, тоскоолдуктарды жумшартууну сурайт. Бирок алынбай жатпайбы. Бул “беспределди” токтотуш керек. Эгер биз ал жактагы жарандарыбызга жардам бере албасак, анда эмнеге ал жерде болушубуз керек? Биз бул маселени кабыргасынан кое турган мезгил жетти”, - деди депутат Чолпон Султанбекова.


Орусия жыл башынан бери миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырып баштады. Былтыр декабрда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, Орусияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар ар кандай жугуштуу илдеттерден, маңзат жана психотроптук каражат колдонбойбу деп текшерилет.




Бул күндөрү Москва аймагында каттоого туруу үчүн кезек күткөндөр миңдеп саналат. Мындан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган.


Парламенттин тармактык комитетине маалымат берүү үчүн келген Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кыргызстандын нотасынан кийин 19-февралдан баштап биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн кошумча коридор ачылганын белгиледи:


“Тилекке каршы, Орусия медициналык кароодон өткөрчү 17 мекеме иштейт дегенине карабастан, эки гана мекеме иштеп жатат. Бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. 19-февралдан баштап биздин талаптардан кийин ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн өзүнчө коридор ачылды”.


Министрдин орун басарынын айтымында, Экономика жана коммерция министрлиги Орусиянын жаңы киргизген талаптары ЕАЭБдеги тоскоолдук деп Евразия экономикалык комиссиясына (ЕАЭК) кайрылган.


Бирок Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Орусиянын жаңы талаптары "биримдиктеги тоскоолдук эмес" деп жооп берген.




Маалыматка ылайык, Кыргызстандык мигранттардын абалы тышкы иштер министринин 3-4-мартта Орусияга расмий сапары учурунда көтөрүлөт. Маселе март айынын аягында Орусия менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумунда дагы козголот.


Кыргызстан Орусиядан мөөнөтүндө үлгүрбөй калган жарандарды жоопкерчиликтерден бошотуу, алты жаштан баштап медициналык кароодон өтүү керек деген чекти жогорулатуу жана Кыргызстанда көп функционалдуу миграциялык борбор ачууну өтүнүүдө.


Эки күн мурун Москвадан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан “Сахарово” миграциялык борборунда медициналык кароодон өткөнү тууралуу аныктаманы алып кеткен кыргызстандык мигрант Адилет Союзбек уулу ал жердеги акыркы шарт тууралуу буларды айтып берди.


“Кыйынчылык болуп эле жатат, бирок Өзбекстан, Тажикстандын жарандарындай эмес. Бирок алар абдан көп экен. Мисалы, бизге өзүнчө коридор бөлүнгөн. Киргенден кийин 10 терезе болсо, анын экөө Армения менен Кыргызстандын жарандары үчүн иштеп жатат. Ал жакка 400 рублга такси кармап үч саатта барасың. Мисалы, мен 16:30да жеттим, аныктаманы 19:30да алдым. Анализди бир күн кетирип 7-февралда тапшырып кеткем. Атайын автобустар уюштурулган, бирок ал жакта абдан тыгын. Анализдер үчүн 6000 рублдан төлөйсүң”.




Союзбек уулунун айтымында, ЕАЭБге мүчө эмес Өзбекстан, Тажикстандын мигранттарына талап мындан дагы катаал. Алар орус тилинен сынак берип, ар 4-5 ай сайын патент алып турушу керек.


Ал акыркы мезгилде Орусиядагы кыргыз мигранттарына мамиле өзгөргөнүн, башка өлкөлөргө жер которууну пландагандар көп экенин маалымдады.


“Мурда бизди депортация кылыш кыйыныраак болчу. Мисалы, эки жыл мурун паспортубузду сыртынан карап текшерчү эмес. Азыр оор болуп жатат, мурда айып пул салып бошотсо, азыр көпчүлүгүн депортация кылып жатат. Эки күн мурда Путиндин маалымат жыйынын көрдүк. Чечкиндүү чараларды көргүлө деп жатпайбы. Өйдө жактан ушундай уруксат берилип жаткандан кийин жаштар арасында башка жакка кетүүнү сөз кылгандар көп. Көкүрөгүбүздөн түртсө деле келип жатпайбызбы. Бул бизге деле жагымдуу нерсе эмес. Эмне үчүн Кыргызстанда иштесек болбойт, эмнеге Европага кетсек болбойт деп жатабыз”.


Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны мындан да көп экени айтылып келет. Алар көбүнчө тейлөө, курулуш тармактарында эмгектенишет.




Саясатчы Мавлян Аскарбеков ЕАЭБге мүчө болуу менен мигранттарга убада кылынган толук жеңилдик болбогонун белгиледи:




“Биримдикке киргенибизге жети жыл болду. Бирок ал жактагы мигранттарыбыздын абалы оорлоп келет. Мисалы, мигранттардын акча которуусуна чектөө киргизилди. Эми медициналык кароо деген оор талаптар киргизилди. Биздин жаштарга жаңы миграция багыттарын ачып, аларга чет өлкөгө кетүүдө бардык жардамдарды берүү сунушун айтып келем. Эгер мигранттар Орусиядан 2.5 млрд. доллар которсо, өнүккөн өлкөлөрдөн 4-5 эсе көп акча которулмак. Тышкы саясатта миграциялык реформа жасашыбыз керек”.


ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Орусия менен Беларустун союз мамлекет деген келишими болгондугуна байланыштуу 2021-жылдын аягында киргизген медициналык талап Беларустун жарандарына тиешелүү эмес.

Загрузка...

Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Москвы — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Москвы или других населённых пунктов Московской области мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Москве можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа в Москве и Московской области






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Москвы и Московской области. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Москвы — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в Москве




Путин в Москве

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в Москве


Частные объявления в Москве, в Московской области и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net