ИИМдин Россиядагы өкүлү “патриоттор” боюнча кайрылуу жасады
Бишкек, 24-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү Аскат Алиев “патриоттордун” соңку жарыялаган тасмасынан кийин мекендештерине кайрылуу жасады. Ал өз катында кыз-келиндерди “тарбиялаган” эркектердин аракетин сынга алып, ошол эле учурда “турмуш сыноосуна туруштук бере албай, өзүбүздүн кыргыз жигиттеринин, тажик, өзбек, кавказдардын оюнчугуна айланып жаткандыгы катуу өкүндүрөт",- деди. А.Алиевдин кайрылуусун ИИМдин маалымат кызматы тастыктап, “патриоттор” боюнча тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. Ал кайрылууда мындай деп айтылат:
“Урматтуу мекендештер !!!
Акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкуу жараткан «патриоттор» тууралуу мен да өзүмдүн оюмду айтууну тура көрдүм. Албетте, араңыздарда менин оюмду колдогондор да, туура эмес көргөндөр да болот, бирок мага жеке көптөгөн мекендештерибиз кайрылгандыгына байланыштуу оюмду ортого салууга туура келди.
Жаңылбасам 2012-жылдан бери, интернет тармактарында ушул күнгө чейин Россияда жүргөн бир нече мигрант кыргыз кыз-келиндерин, өзүлөрүн патриотбуз деп аёсуз ур-тепкиге алып, кордоп, айрымдарын жылаңачтап чечинтип, электрошокер, бычак колдонуп мыкаачылык кылып, суракка алган, төбө чачты тике тургузган видеотасмалар тилекке каршы болуп жатат. Бул фактылар боюнча коомчулукта резонанс болуп, кызуу талкуу жаратып келет. Кээ бири ошол патриот атын жамынгандарды мактап, жактап, колдоп Кыргыз баатырына теңесе, кээ бири тескерисинче каргап-шилеп, айбанга теңегендери да бар.
Акыркы 10 жылда жогорку билимди айтпайын, орто мектепти бүтпөй, турмуштун ачуу–таттуусун биле элек секелек кыздар Россияга жумуш издеп келип, турмуш сыноосуна туруштук бере албай сынып, ошол эле өзүбүздүн кыргыз жигиттеринин, тажик, өзбек, кавказдардын оюнчугуна айланып жаткандыгы каттуу өкүндүрөт.
Мына мен бир жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россиядагы өкүлү болуп кызмат өтөп келе жатам. Ошол практикада өзүбүздүн көптөгөн жарандардын ар кандай оор жана өтө оор кылган кылмыштары үчүн орус кесиптештерибиз менен биргеликте, кылмыш жообуна тартуу максатында иштерди алып барабыз.
Өкүмсүздүк (самосуд) кылуу бул жапайычылык. Ошондуктан урматтуу мекендештерим, дагы кимдин оюнда кезектеги жапайычылык кылуу боюнча ою болсо ойлонуңуздар…. Али кеч эмес.
Эми акыркы үстүбүздөгү жылдын 15-февралындагы эки кызды кордогон видеотасма боюнча аз күндө расмий маалымат беребиз.
Сиздерди урматоо менен Аскат Алиев!”
Жергиликетүү көптөгөн маалымат каражаттарында Москвада кыргыз кыздарын ырайымсыздык менен уруп-сабаган, кордогон, өздөрүн “патриот” деп атаган кыргыз жигиттеринин кылмышы тууралуу көп жазылууда.
“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы