Көңүл бургула: котормо конкурсу
Орустун улуу акыны, прозачысы, сүрөтчүсү жана драматургу Михаил Юрьевич Лермонтовдун чыгармачылыгы бир гана ХIX - XX кылымдардагы адабият айдыңына зор таасирин тийгизбестен, күнү бүгүн дүйнөлүк поэзиянын топ жылдыздарынын катарында келе жатат. Анын бир катар ырлары кыргыз адабиятынын классиктери тарабынан которулуп, улуттук адабиятыбыздын маданий кенчине айланган.
Бирок, улуу акындын чыгармачылыгына болгон кызыгуу ар дайым болуп келген жана боло бермекчи. Ушундан улам “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттиги Михаил Лермонтовдун айтылуу “Баллада” деген ырынын кыргызча котормосуна конкурс жарыялайт. Жеңүүчүгө байге бар. Кыргызстандагы поэзия ышкыбоздорун котормо конкурсуна чакырабыз.
Конкурстун бет ачары катары акын Темирбек Алымбековдун котормосун жарыялайбыз.
БАЛЛАДА
Деңиз жээги, колун артып эркелеп,
Жигитине сулуу айтат мындай кеп;
Укчу жаным, абайсыздан мен бүгүн,
Суу түбүнө мончогумду түшүрдүм.
Мени сүйсөң тээ тереңге барып кел,
Мончогумду мага таап алып кел!
Акыл-эсин сүйүү ээлеген ал жигит,
Аялдабай кетти сууга секирип.
Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.
Деми токтоп калган өңдүү дүйнөнүн,
Сулуу күтөт суу түбүнөн сүйгөнүн.
Кандай бакыт! Эптеп кармап асканы,
Суудан чыгып жигит бери басканы.
Кабак түйгөн, колдо мончок жалтырап,
Ийни ылдый мөлтүр суулар тамчылап.
“Сүйөсүңбү, сүйбөйсүнбү карабай,
Мончок үчүн өмүрдү да аябай...
Бир сөзүңдөн түштүм дениз түбүнө,
Маржан таштар жаткан экен үйүлө.
Алгын мына! Кантип таптым билбедим”.
Суна берип жал-жал тиктейт сүйгөнүн.
Жооп укту: “О, жаш жигит, садага,
Эгер сүйсөң маржанды алып бер мага!”
Кайран жигит, кайра сууга чөмүлдү,
Табыш үчүн маржанды же өлүмдү.
Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.
Ал толкундар улам жээкке келгени,
А сүйгөнүн бирок кайрып бербеди.
БАЛЛАДА
Над морем красавица-дева сидит;
И к другу ласкаяся, так говорит:
«Достань ожерелье, спустися на дно;
Сегодня в пучину упало оно!
Ты этим докажешь свою мне любовь!»
Вскипела лихая у юноши кровь,
И ум его обнял невольный недуг,
Он в пенную бездну кидается вдруг.
Из бездны перловые брызги летят,
И волны теснятся, и мчатся назад,
И снова приходят и о берег бьют,
Вот милого друга они принесут.
О счастье! он жив, он скалу ухватил,
В руке ожерелье, но мрачен как был.
Он верить боится усталым ногам,
И влажные кудри бегут по плечам........
«Скажи, не люблю иль люблю я тебя,
Для перлов прекрасной и жизнь не щадя,
По слову спустился на черное дно,
В коралловом гроте лежало оно. —
Возьми» — и печальный он взор устремил
На то, что дороже он жизни любил.
Ответ был: «о милый, о юноша мой,
Достань, если любишь, коралл дорогой».
С душой безнадежной младой удалец
Прыгнул, чтоб найти иль коралл иль конец.
Из бездны перловые брызги летят,
И волны теснятся, и мчатся назад,
И снова приходят и о берег бьют,
Но милого друга они не несут.