Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин активдерин бошотууну талап кылды
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталганга чейин Ливанды аткылоону токтотууну жана Ирандын бөгөттөлгөн активдерин бошотууну талап кылды. Бул тууралуу ал 10-апрелде X социалдык тармагына жазды.
Галибаф бул шарттар эки тарап тең макулдашканын ырастап, аткарылмайынча сүйлөшүүлөр башталбай турганын эскертти. Ал кошумча маалымат берген жок.
Сүйлөшүүлөр башталганга чейин Ливанды аткылоону токтотуу зарылдыгын буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи дагы айткан. Аракчи дагы, Галибаф дагы АКШ менен сүйлөшүүгө бара турган делегациянын курамына кирет.
Мындай билдирүүлөрдөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth соцтармагына “ирандыктар дүйнө коомчулугун эл аралык суу жолу менен кыска мөөнөтүү шантаж кылуудан башка колунда эч нерсеси жок экенин сезбей жатат окшойт” деп жазган.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин америкалык күчтөр “чыныгы макулдашуу” жетишилгенге чейин Ирандын айланасында кала берерин билдирген.
Дональд Трамп белгилегендей, эгер «кандайдыр бир себеп менен бул ишке ашпай калса анда “аткылоолор” башталат, алар мурда болуп көрбөгөндөй ири, кеңири жана күчтүү болот».
7-апрелдин кечинде Тегеран менен Вашингтон атышууну эки аптага токтото турууну Пакистандын ортомчулугу менен макулдашкан. Трамп Ирандан 10 баскычтан турган тынчтык сунушун алганын билдирген. Учурда бул келишим белгисиздик абалда турат. Анткени ал Израилдин Ливандагы Хезболла буталарына каршы аскерий операцияларын камтыйбы же жокпу деген суроо жаралды. Хезболла - Иран колдогон түзүм жана Вашингтон аны террордук уюм катары тааныйт.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 8-апрелде Венгриядагы сапары учурунда мурунку түнү Трамп жарыялаган келишимдин шарттары боюнча “чындап эле түшүнбөстүк болгон” деп эсептей турганын айтты.
“Менимче, ирандыктар атышпоого Ливан да кирет деп ойлошкон, бирок андай эмес болчу”, — деди ал.
Израил келишимди колдорун, бирок Ливанга каршы соккуларын уланта берерин билдирген.
9-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «кыска убакыттын ичинде» Ливан менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган. The Wall Street Journal жазгандай, мунун алдында ал АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөн.
АКШ – Иран сүлөшүүсү 11-апрелде Пакистандын борборунда болот деп пландалууда. Америкалык делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс жетектейт. Ал Исламабадга учуп келди. «Биз сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз жана ал жагымдуу жагдайда өтөт деп ойлойм», - деген ал журналисттерге. Америкалык делегациянын курамында атайын чабарман Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да болору айтылган.