Amnesty International Иранда интернет 1000 сааттан бери бөгөттөлүп турганын билдирди
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Иранда интернет бир миң сааттан бери өчүп турганын билдирип, муну адам укуктарын бузуу катары сыпаттады жана дүйнөлүк желени калыбына келтирүүгө чакырды.
“Ирандыктар санарип караңгылыкта бир миң сааттан бери жашап келатат. Интернетке кошулуу адамдын эң жөнөкөй укугу жана уруш маалындагы зарыл нерсе. Бийлик интернетти калыбына келтирүүгө тийиш”, - деп жазды уюм.
Ислам жумурияты дүйнөлүк желени АКШ менен Израилдин чабуулдары башталган 28-февралда бөгөттөгөн. 7-апрелде буга чейинки рекорд жаңыланып, интернет бүтүндөй өлкөдө өчүрүлгөн тарыхтагы эң узак көрүнүш болуп калды.
Бирок чектөө бардыгына жайылбайт. NetBlocks мониторинг тобу бийлик сырткы дүйнөдө пикир калыптандыруу үчүн кээ бир колдонуучуларга социалдык тармактарда маалымат жарыялоого уруксат берилгенин белгилейт.
Мындай кош стандарт Иранда көз жаздымда калган жок. Ок атышуу убактылуу токтогон 8-апрелден кийин катардагы ирандыктардын айрымдары интернет эмне үчүн калыбына келтирилбей жатат деген маселени козгошууда. Эмне дегенде Тегеран бийлиги интернетти өчүрүүнү согуш менен түшүндүргөн.
Дүйнөлүк желенин бөгөттөлүшү дигиталдык жана жалпы экономикага да миллиарддаган доллар зыян алып келди.
Былтыр жыл этегинде башталып, январга чейин уланган элдик толкундоолор учурунда да Ислам жумуриятында интернет блоктолгон.